You are using an outdated browser. For a faster, safer browsing experience, upgrade for free today.
КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ ФОРЕВЕР ЖЕКЕ ИШКЕРИ (ФЖИ) Кудабаева Ульман
  • Себетиңиз бош!

Трай Пэк - Форевер Фридом

  • Продукт Коду: 1963

10 588 сом


Иммундук системаны сактоочу, сезгенүүнү басуучу жана тутумдаштыргыч ткандарды бекемидөөчү көптөгөн азык заттарды камтыган турукташтырылган Алоэ Вера гелинин негизинде Форевер Фридом даярдалган. Глюкозамин, хондроитин, МСМ жана С витамини кошулган синергиялык формулу жеңил сиңе турган формада берилген. Глюкозамин менен хондроитин кемирчектери жабыркоодон сактоочу биринчи орундагы коргогуч, бирок ар бири өзүнчө иштейт. Глюкозаминдин сульфаты рак сымалдардын калканында ( краб, лобстер, креветка) камтылган, ал протеогликандардын – кемирчектерге чоюлгуч ийкемдүүлүк касиетин берип турган чоң молекулалардын, негизги куруучу материалы. Алар кемирчектерде сууну сактап турат, кемирчек метаболизмин жөнгө салат да ткандарды жабыркоодон сактайт. Хондроитиндин сульфаты көп учурда акуланын кемирчектеринен алынат. Бул заттар негизги "курулуш материалы" болуп саналат жана кемирчекте суюктуктун кармалышына өбөлгө түзөт, алардын зат алмашуусун жөнгө салат, клеткаларды бузулуудан коргойт. МСМ менен бирге алар артикулярдык беттердин эркин жылышын камсыз кылуу үчүн артикулярдык суюктуктун керектүү илешкектүүлүгүн сактоого жардам берет.
Курамы:
Турукташкан Алоэ Вера гели (88.86%), глюкозаминдин сульфаты, хондроитин сульфаты, метандын метил сульфонили, аскорбин кислотасы ( С витамини), токоферол ( Е витамини), сорбитол, табигый апельсин ширесинин концентраты, фруктоза, табигый апельсин ароматизатору, лимон кислотасы, калийдин сорбаты, натрийдин бензоаты.
Азыктык баалуулугу 100 млге : белоктор – 1,25 г, углеводдор- 6,25 г ( тамак- аш клетчатка – 0,875 г, – 2,92 г), натрий – 117 мг. Энергетикалык баалуулугу: 29 ккал/ 121,41 кДж.
Сыймдуулугу – 1л
Биологиялык активдүү кошулма катары колдонулат.
Колдонуу ыкмасы: Күнүнө 60-120 мл, колдонуунун алдында чайкоо керек. Пломбасы алынгандан кийин муздаткычта сактоо зарыл.
Форевер продукциялары дары болуп эсептелинбейт.

Бул продукт эч кандай ооруну аныктоого, дарылоого, айыктырууга же алдын алууга арналган эмес. Кандайдыр бир биологиялык активдүү кошумча колдонуудан мурда дарыгериңиз менен кеңешиңиз.


Бул продукт менен бөлүшүү: