Алоэ гүлдөрү кошулган чөп чай
- Продукт Коду: 200
Алоэнин гүлдөрү кошулган чөп чайы өз курамында дары чөптөрдү, татымалдарды камтыйт, алар дарылык касиеттен башка да эӊ сонун даамга жана ароматка ээ. Анда кофеин жок, аны организмиӊизге бир мүнөттүк эс алуу керек экенин сезген каалаган убакта чексиз өлчөмдө иче берсеӊиз болот. Ал сизге күчүӊүздү калыбына келтирүүгө жардам берет жана организмге тынчтандыруучу таасир этет. Алоэнин гүлдөрү кошулган чайды ысык да, муз салып муздак да ичсе болот. Форевер чайы чынында интернационалдуу, себеби анын курамдары дүйнөнүн ар кайсы бурчтарынан: Индиядан, Кытайдан, Египеттен, Мадагаскардан, Ямайкадан ж.б. алынып келинген. Ал эми Алоэнин гүлдөрү биздин компаниянын плантацияларынан алынган. Бул чай баарына пайдалуу. Анын сейрек жыты жана даамы бар. Аны дайыма ичүү организмден шлактардын айдалып чыгышын камсыз кылат, организмдин коргонгуч касиеттерине стимул берет.
Алоэнин гүлдөрү кошулган чөп чай калориясы төмөн азык, аны организмдин күндө кабылдоосу керек болгон суюктуктун көлөмүнө кошсо болот. Алоэнин гүлдөрү кошулган чөп чай табигый аппетитти басаӊдаткычты камтыйт, ошондуктан «Тазалануу 9» программасына аябай жакшы туура келет.
Курамы: Корица, апелсиндин кабыгы, чеге гүл, жыпар жыттуу калемпир, имбирь, кардамон, фенхель, ромашка, кара карагаттын жалбырагы, токой гимненеси, Алоэнин гүлдөрү.
Азыктык балуулугу:
Порция көлөмү – 1 чай баштыкча (1.5г)
Камтыган пайдалуу заттардын көлөмү жана пайызы 2000 ккал.
Калорийлер – 0,
Майлар – 0г,
Натрий – 0мг,
Углеводдор – 0г,
Шекер – 0г,
Протеин – 0г.
Сыйымдуулугу: 25 баштыкча
Колдонуу ыкмасы: Ысык кылып ичүү үчүн бир кружка сууга бир баштыкча чай салынат. Чайды салган соң үстүнө ысык суу куюңуз жана 5-7 мүнөт демдеңиз. Ал эми муздак даярдаш үчүн 4 чай баштыкчага 2 кружка кайнак суу куюп, 3-5 мүнөт күттүргөн соң 2 кружка муздак суу кошуп ичүү сунушталат.
Бул продукт эч кандай ооруну аныктоого, дарылоого, айыктырууга же алдын алууга арналган эмес. Кандайдыр бир биологиялык активдүү кошумча колдонуудан мурда дарыгериңиз менен кеңешиңиз.