You are using an outdated browser. For a faster, safer browsing experience, upgrade for free today.
КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ ФОРЕВЕР ЖЕКЕ ИШКЕРИ (ФЖИ) Кудабаева Ульман
  • Себетиңиз бош!

Алоэ липс гигиеналык эрин боегучу

  • Продукт Коду: 22

343 сом


Алоэ Липс Гигиеналык эрин боёгучу жылдын баардык мезгилдеринде эриндериӊизге кам көрүүгө ылайыктуу. Өзгөрбөс жана алмаштыргыс Алоэден башка гигиеналык эрин боёгучтун курамына жожоба майы жана аары мому кирет. Алоэ Липс дүүлүгүүнү жоёт, эриндердин терисин жумшартат жана нымдаштырат, Алоэнин бактерициддик касиеттери сасык тумоодо эриндерде пайда болушу мүмкүн болгон учуктун чыгып кетишине жол бербейт, эриндин кесилишин (желки) жана эрин бурчтарынын кесилишин, теринин кесилген аймактарын айыктырат. Эрин боёгуч эриндериӊизди эӊ эле начар аба-ырайынын шарттарында да (шамал, аяз, күн ж.б.) коргойт. Эрин боёгучтун жыты жагымдуу жана назик болгондуктан эриндерине крем сыйпагысы келбеген балдар да аны ырахаттануу менен пайдаланышат. Биздин гигиеналык эрин боёгучубуз кесилген, кургак эриндерди эле эӊ сонун жумшартуучу каражат эле эмес, ал биринчи жардам көрсөтүүдө да алмаштыргыс каражат. Эгерде сиз кокусунан көчөдө бир жериӊизди сыйрып же кесип алсаӊыз, сиздин жаныӊызда Алоэ Желе же Алоэ Фёрст жок болсо, Алоэ Липстен манжаӊызга бир аз алып, ооруган жериӊизге сыйпап коюӊуз. Эрин боёгуч курт-кумурскалар чакканда, чоӊ эмес күйүктөрдө эӊ сонун жардам берет. Эрин боёгучта камтылган Алоэ Вера өз ишин аткарат, ал эми кичинекей тыкан каптамасы сумкаӊызда дайыма алып жүрүүгө мүмкүндүк берет.
КУРАМЫ: Турукташтырылган Алоэ Вера гели (35%), петролат, Жожоба майы, октил гидроксистеарат, миристил миристат, канделиланын мому, аары мому, карнауба, ароматизатор, озокерит, октил диметил РАВА, аллантоин, пропилпарабен.

СЫЙЫМДУУЛУГУ: 4,25 г.

КОЛДОНУУ ЫКМАСЫ: Гигиеналык эрин боёгучту регулярдуу колдонуӊуз, өзгөчө аба-ырайы начар болгон учурда пайдалануу керек.

Бул продукт эч кандай ооруну аныктоого, дарылоого, айыктырууга же алдын алууга арналган эмес. Эгерде сизде сезимталдыкка байланыштуу суроолор болсо, колдонуудан мурун теринин кичинекей жерине тест жасоо сунушталат. Кош бойлууларда колдонуудан мурун дарыгер менен кеңешүү сунушталат. Продукт сырткы колдонуу үчүн гана арналган.


Бул продукт менен бөлүшүү: