You are using an outdated browser. For a faster, safer browsing experience, upgrade for free today.
КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ ФОРЕВЕР ЖЕКЕ ИШКЕРИ (ФЖИ) Кудабаева Ульман
  • Себетиңиз бош!

Алоэ нымдаштыргыч креми

  • Продукт Коду: 63

1 473 сом


Алоэ Нымдаштыргыч креми ‒ бул беттин, колдун териси үчүн жана бүткүл дене үчүн абдан сонун нымдаштыруучу крем.
Сиз ар бир жолу көчөгө чыгып күндүн нурларынын таасирине териӊиз кабылга сайын ал нымды жоготот. Алоэ нымдаштыргыч креми ‒ сиздин чаӊкаган териӊизге эӊ сонун суусундук.
Бул кремдин негизги курамы Алоэ Вера гели болуп саналат, ал терини тереӊ нымдаштыруу жөндөмүнө ээ жана теринин клеткаларындагы регенерация процессин тездетет.
Андан сырткары, бул кремде теринин зарыл болгон жерлерине нымды тартып келип, анан кармап калуучу эки элемент метил глюцет- 20 менен сорбитол камтылган. Анын үстүнө бул заттар нымдуулукту абадан соруп алып, биздин терибизге берүүгө жөндөмдүү.
КУРАМЫ: Турукташтырылган Алоэ Вера гели (36%), деиондоштурулган суу, стеарин кислотасы, алкил бензоаты, глицерил стеараты, гидрогенизацияланган полиизобутен, метил глюцет – 20, сорбитолу, өрүк майы, полисорбат 60, триэтаноламин, цетил алкоголу, эриген коллаген, гидролизденген эластин, жожоба майы, токоферол (Е витамини) натрий гиалуоронаты, натрийдин РСА, ромашка экстракты, аллантоин, диметикон, полиэтиленгликоль – 100, стеарат, аскорбин кислотасы, диазолидинил мочевинасы, метилпарабен, пропилпарабен, ароматизатор.
СЫЙЫМДУУЛУГУ: 118 мл.
КОЛДОНУУ ЫКМАСЫ: Бет, кол жана бүткүл дене үчүн крем. Териге сыйпап, анан толук сиӊип кеткенге чейин жеӊил, айлана түрүндөгү кыймыл менен укалаӊыз.

Бул продукт эч кандай ооруну аныктоого, дарылоого, айыктырууга же алдын алууга арналган эмес. Эгерде сизде сезимталдыкка байланыштуу суроолор болсо, колдонуудан мурун теринин кичинекей жерине тест жасоо сунушталат. Кош бойлууларда колдонуудан мурун дарыгер менен кеңешүү сунушталат. Продукт сырткы колдонуу үчүн гана арналган.


Бул продукт менен бөлүшүү: