You are using an outdated browser. For a faster, safer browsing experience, upgrade for free today.
КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ ФОРЕВЕР ЖЕКЕ ИШКЕРИ (ФЖИ) Кудабаева Ульман
  • Себетиңиз бош!

Алоэ Эвер-Шилд дезодоранты

  • Продукт Коду: 67

709 сом


Биздин организмибиз температурага, биз аткарган ар бир ишке, физикалык жүктөмгө, баштан өткөргөн сезимдерге абдан сак реакция берет, мындай реакциялардын бири – бул тердөө. Инсан жөүндөгү жалпы пикирдин болгону 7%ы гана сүйлөө аркылуу түзүлөт деп психологдор эсептешет. Калгандарынын баары биздин сырткы көрүнүшүбүздөн, кыймыл-аракеттерибизден, интонацияларыбыздан, жытыбыздан түзүлөт. Ошондуктан бир күн бою бизди тазалык сезими коштоп жүрөрүнө ишенимдүү болгонубуз абдан маанилүү.
Алоэ Эвер-Шилд дзедоранты бизге узакка созулган бир күн ичинде жагымсыз жыттан коргонуч берет, аны сууга чайынып чыкандан кийин, же түктөрдү алгандан кийин ошол замат колдонууга болот, ал ачыштырбайт. Алоэ Веранын жаратылыштан берилген дезодорациялоочу касиеттери максималдуу пайдаланылган продукт иштелип чыгарылган, анда биздин ден соолугубузга коркунуч туудура турган курамдар камтылган эмес. Алоэ Эвер-Шилд дезодорантынын ыӊгайлуу формасы баардык керек болгон жерлерде жана учурда колдонууга мүмкүндүк берет. Ал териге жеӊил сыйпалат жана кийимге так калтырбайт.
КУРАМЫ: Турукташтырылган Алоэ Вера гели (44%), пропиленгликоль, тазартылган суу, натрийдин стеараты, ароматизатор, триклозан.
СЫЙЫМДУУЛУГУ: 92,1 г.
КОЛДОНУУ ЫКМАСЫ: Тердин жытынан коргонуу үчүн керегине жараша пайдалануу керек.

Бул продукт эч кандай ооруну аныктоого, дарылоого, айыктырууга же алдын алууга арналган эмес. Эгерде сизде сезимталдыкка байланыштуу суроолор болсо, колдонуудан мурун теринин кичинекей жерине тест жасоо сунушталат. Кош бойлууларда колдонуудан мурун дарыгер менен кеңешүү сунушталат. Продукт сырткы колдонуу үчүн гана арналган.


Бул продукт менен бөлүшүү: