You are using an outdated browser. For a faster, safer browsing experience, upgrade for free today.
КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ ФОРЕВЕР ЖЕКЕ ИШКЕРИ (ФЖИ) Кудабаева Ульман
  • Себетиңиз бош!

R3 Фактор Креми

  • Продукт Коду: 69

3 271 сом


R3 фактор креми сиздин териӊизди убакыттан жана айлана-чөйрөнүн булганышынан коргойт, териӊиздин жаштыгын сактоого жардам берет.
Бул крем үч жактуу таасир этет: терини нымдаштырат, чымырдыгын калыбына келтирет жана бырыштарды жазат. R3 Фактор креминин негизги курамы турукташтырылган Алоэ Вера гели болуп саналат. Андан сырткары, кремдин курамына эриген коллаген, А жана Е витаминдери жана альфа-гидрокислоталары кирет.
R3 фактор креминде альфа-гидрокислоталарынын концентрациясы 3%га жакын жана Алоэ Веранын аркасы менен кошумча терс таасирлерисиз, коопсуз эффект берет. Тери үчүн коргоочу R3 Фактор креминин эӊ сонун формуласы териге тийгизген убакыттын ырайымсыз таасирине жана айлана-чөйрөнүн булганышына каршы күрөшүүдө күчтүү өнөктөшүз болуп калат, ал териӊиздин жаштыгын сактоого жардам берет. R3 Фактор креми менен миллион доллардык болуп көрүнүү сиздин «чөнтөгүӊүз көтөргөн» нерсеге айланат.
КУРАМЫ: Турукташтырылган Алоэ Вера гели (35%), деиондоштурулган суу, бутилен гликолу, метил глюцети-20, сквалан, Өрүктүн майы, цетил диметикону, полиакриламид, С 13-14 изопарафини, лаурет-7, глицерил стеараты, токоферил линолеат, натрийдин гиалуронаты, токоферол ацетаты, гликоль кислотасы, кант тростнигинин экстракты, цитрус экстракты, алманын экстракты, көк чай экстракты, ретинил пальмитаты, эриген коллаген, полиэтиленгликоль-100, стеарат, Padimate O, аскорбин кислотасы, триэтаноламин, диазолидинил мочевинасы, метилпарабен, ароматизатор.
СЫЙЫМДУУЛУГУ: 56,7 г.
КОЛДОНУУ ЫКМАСЫ: Жуунгандан кийин бетке, моюнга жана башка теринин аймактарына сыйпоо керек. Жакшы натыйжага жетүү үчүн кремди эртеӊ менен жана кечинде колдонуӊуз.

Бул продукт эч кандай ооруну аныктоого, дарылоого, айыктырууга же алдын алууга арналган эмес. Эгерде сизде сезимталдыкка байланыштуу суроолор болсо, колдонуудан мурун теринин кичинекей жерине тест жасоо сунушталат. Кош бойлууларда колдонуудан мурун дарыгер менен кеңешүү сунушталат. Продукт сырткы колдонуу үчүн гана арналган.


Бул продукт менен бөлүшүү: