Эркектерге арналган Гордость Джентельмена лосьону
- Продукт Коду: 70
Сакал алгычтын мизи териде жылып баратканда көп учурда керегине караганда көбүрөөк нерселерди алып кетет да, өзүнүн артынан теринин дүүлүгүүсүн жана кургактыгын пайда кылган майда кесиктерди, чийиктерди калтырат. Бирок сиз чоӊ чебердик менен сакалыӊызды алып, тери катмарыӊызды эч бир жабыркатпаганда да көп учурда теринин үстүнкү катмары болгон эпидермистеги липиддерди кыйратуучу курамдарды камтыган көбүктөрдү же кремдерди колдонууда жабыркап калышыӊыз мүмкүн. Ал эми липиддердин аркасы менен тери сулуу жана саламаттуу көрүнөт, себеби ал клеткалардын тутумдаштыргыч материалы болуп саналат жана теринин нымдуулукту кармап калуу жөндөмүн жогорулатат. Сакал алууда көбүк пайда кылуучу каражаттарды жана спирт камтыган лосьондорду колдонуунун айынан липиддердин деӊгээлинин төмөндөшү теринин кургактыгына алып келет. Ар кандай жагдайларда: сакал алгыч менен болгон этиятсыз мамиледен, күйүктөн, күн нурларынын жана шамалдын өтө ашыкча таасиринен улам пайда болгон дүүлүгүүнү жоюу керек болгондо «Джентельмендин Сыймыгын» колдонууга болот. Бетте сергектик, тазалык жана жумшактык сезимин калтырган бул бальзамды эркектер абдан жакшы көрүшөт. Ал эми аялдар териси элегантту, сыйкырдуу, Өзүнө тартуучу жытка ээ джентельменге көӊүл кош карай алышпайт.
КУРАМЫ: Турукташтырылган Алоэ Вера гели (42%), деионизацияланган суу, метил глюцет-20, октил палмитат, полиакриламид, С13-14 изопарафин, лаурет-7, диметикон, глицерил стеараты, полиэтиленгликоль-100, стеарат, натрийдин гиалуронаты, токоферол ацетаты, ретинил палмитаты, аскорбин кислотасы, аллантоин, розмариндин экстракты, ромашканын экстракты, имидазолидинил мочевинасы, метилпарабен, пропилпарабен, ароматизатор.
СЫЙЫМДУУЛУГУ: 118 мл.
КОЛДОНУУ ЫКМАСЫ: Сакал алгандан кийин бетке сыйпаӊыз.
Бул продукт эч кандай ооруну аныктоого, дарылоого, айыктырууга же алдын алууга арналган эмес. Эгерде сизде сезимталдыкка байланыштуу суроолор болсо, колдонуудан мурун теринин кичинекей жерине тест жасоо сунушталат. Кош бойлууларда колдонуудан мурун дарыгер менен кеңешүү сунушталат. Продукт сырткы колдонуу үчүн гана арналган.