Форевер Альфа Е-Фактор
- Продукт Коду: 187
Форевер Альфа-Е фактор комплекси – бул айлана-чөйрөнүн зыяндуу таасиринен оптималдуу коргоону камсыз кылган, Е, А, С витаминдери, дарыкана бадыраӊ чөбү, бисаболол жана башка коргогуч курамдар менен байытылган, жеӊил жана жумшартуучу суюктук. Бул абдан концентрацияланган суюктук жеӊил сиӊет. Анын болгону бир нече гана тамчысы беттин жана моюндун терисин зарыл антиоксиданттык коргоо менен камсыздайт. Аны дененин каалаган аймагына колдонууга болот.
Форевер Альфа-Е фактор эркин радикалдар менен сырттан күрөшүүгө жардам берет. Биз жаш-курак менен байланыштырган картаюунун көпчүлүк белгилери чындыгында календардык жылдарга эч бир тиешеси жок, алар күндүн нурларынын таасири астында биздин организмибизде пайда болгон эркин радикалдардын зыяндуу таасиринен келип чыгат. Антиоксиданттар чыдыгында жаштыкты максималдуу узарта алат. Ичтен колдонулуучу А-Бета-Каротин сымал Форевер Альфа-Е фактор ‒ сырттан колдонуу үчүн антиоксиданттардын уникалдуу комбинациясы.
КУРАМЫ: Каприл триглицериди, циклометикон, токоферол ацетаты, ретинол пальминаты, Алоэ Вера экстракты (майы), бисаболол, токоферол (табигый Е витамини), лецитин, дары бадыраӊ чөбүнүн уруктарынын майы.
СЫЙЫМДУУЛУГУ: 30 мл.
КОЛДОНУУ ЫКМАСЫ: Бетке жана моюнга жана айыктыруу жана нымдаштыруу зарыл болгон теринин башка аймактарына сыйпаӊыз.
Бул продукт эч кандай ооруну аныктоого, дарылоого, айыктырууга же алдын алууга арналган эмес. Эгерде сизде сезимталдыкка байланыштуу суроолор болсо, колдонуудан мурун теринин кичинекей жерине тест жасоо сунушталат. Кош бойлууларда колдонуудан мурун дарыгер менен кеңешүү сунушталат. Продукт сырткы колдонуу үчүн гана арналган.