МСМ Гели
- Продукт Коду: 205
Өзүнүн формуласы боюнча уникалдуу МСМ гели желеге айландырылган, дарылык касиеттерге ээ крем, комплексте остехондрозго, артритке ж.б. каршы колдонууга болот, беттин терисине кам көрүү боюнча Форевер продукциялары менен биргеликте да, өзүнчө да териге кам көрүүдө эӊ сонун натыйжаларды берет.
МСМ гелинин курамына кирген Алоэ Вера гели табигый заттардын жардамы менен турукташтырылган. Алоэ Вера гелиндеги азык заттар дүүлүгүүнү жоёт жана териге айыктыруучу таасир этет. Бул табигый тазалагыч теринин катмарларына тереӊдеп кирип, аларды нымдаштыруу менен жаӊы клеткалардын өсүшүнө түрткү берет, маанилүү азык заттардын кеӊири спектри менен терини камсыз кылат, ошондой эле антивирустук, антибактериялык, микробго, кычышууга, суук тийүүгө каршы таасир этет. КУРАМЫ: Турукташтырылган Алоэ Вера гели (40%), суу, диметил сульфаты (МСМ), глицерин, триэтаноламин, диметикон, аюу Мөмөсү, натрийдин гиалуронаты, аллантоин, токоферол (табигый Е витамини) чай дарагынын жалбарыктарынын майы, розмариндин экстракты, мажүрүм талдын кабыгынын экстракты, полисорбат 80, аскорбин кислотасы, карбомер, динатрий, метилпарабен, диазолидинил мочевинасы.
СЫЙЫМДУУЛУГУ: 118 мл.
КОЛДОНУУ ЫКМАСЫ: Патогендүү микроорганизмдердин жана аллергендердин теринин астына кирип кетүү мүмкүндүгүн жок кылуу үчүн МСМ гелин сыйпай турган аймакты кылдаттык менен тазалаӊыз. Талап кылынган аймакка кремден жакшылап сыйпаӊыз да, беш мүнөткө укалаӊыз. Процедураны бир күндө төрт жолу кайталаӊыз. Кийимде так калтырбайт.
Бул продукт эч кандай ооруну аныктоого, дарылоого, айыктырууга же алдын алууга арналган эмес. Эгерде сизде сезимталдыкка байланыштуу суроолор болсо, колдонуудан мурун теринин кичинекей жерине тест жасоо сунушталат. Кош бойлууларда колдонуудан мурун дарыгер менен кеңешүү сунушталат. Продукт сырткы колдонуу үчүн гана арналган.