You are using an outdated browser. For a faster, safer browsing experience, upgrade for free today.
КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ ФОРЕВЕР ЖЕКЕ ИШКЕРИ (ФЖИ) Кудабаева Ульман
  • Себетиңиз бош!

Форевер Алоэ Скрабы

  • Продукт Коду: 238

1 560 сом


Эгерде сиз териӊиздин үстүнкү бетин мүмкүн болушунча жакшылап тазалагыӊыз, аны баркыттай жумшак кылгыӊыз келсе биздин түлөтүп тазалагыч кремибиз Алоэ Скрабын колдонуӊуз. Алоэ Скрабы ар бир адамдын табитине туура келе турган уникалдуу компоненттерди: терини жумшартуу үчүн Алоэ Вераны, Е, С сыяктуу антиоксидант витаминдерди жана таза жожоба майынан алынган микросфераларды камтыйт. Алоэ Скрабы – күнүгө пайдалануу үчүн жетишерлик жумшак каражат, ошол эле учурда тешикчелерге толуучу майда бөлүкчөлөрдү теринин үстүнкү катмарынан кетире турган жетишерлик күчтүү каражат. Алоэ менен жожоба – бул эки өӊ сонун өсүмдүк биргеликте теринин өз алдынча калыбына келүү процессинин жүрүшү үчүн жол тазалайт, ошол эле учурда синтетикалык тазалагыч каражаттардын кургаткыч жана жаралагыч таасиринен коргойт.КУРАМЫ: Турукташтырылган Алоэ Вера гели (31%), деиондоштурулган суу, Жожоба мому, натрийдин кокоил изетионаты, пропиленгилколь, лаурамин окиси, глицерил стреараты, цетил гликолу, какамидопропил беатин, полиэтилен гликоль-100, стеарат, кварцтын гидраты, натрийдин лактаты, токоферол (табигый Е витамини) лимон кислотасы, диазолодинил мочевинасы, метилпарабен, пропилпарабен, ароматизатор, FD&С көгүш №1.
СЫЙЫМДУУЛУГУ: 99 г.
КОЛДОНУУ ЫКМАСЫ: Ным бетке же денеге бир аз Алоэ Скрабдынан сыйпап, жеӊил, айлана түрүндөгү кыймыл менен 2-3 мүнөттүн ичинде укалоо керек. Керегине жараша терини дагы бир аз нымдоого болот. Скрабдын көп өлчөмдөгү суу менен жууп салуу керек да, андан кийин таза майлык менен жеӊил сордуруп кургатуу керек.

Бул продукт эч кандай ооруну аныктоого, дарылоого, айыктырууга же алдын алууга арналган эмес. Эгерде сизде сезимталдыкка байланыштуу суроолор болсо, колдонуудан мурун теринин кичинекей жерине тест жасоо сунушталат. Кош бойлууларда колдонуудан мурун дарыгер менен кеңешүү сунушталат. Продукт сырткы колдонуу үчүн гана арналган.


Бул продукт менен бөлүшүү: