You are using an outdated browser. For a faster, safer browsing experience, upgrade for free today.
КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ ФОРЕВЕР ЖЕКЕ ИШКЕРИ (ФЖИ) Кудабаева Ульман
  • Себетиңиз бош!

Бет үчүн маскасы

  • Продукт Коду: 341

1 660 сом


Бет үчүн маскасы ‒ бул терини кондициялоочу жана тешикчелерди тазалоочу өзгөчө касиеттери үчүн тандалып алынган эӊ сонун курамдардын уникалдуу бирикмеси. Аны Алоэ Активаторуна кошуп аралаштырып, назик консистенцияга ээ, бетке жана моюнга эӊ сонун сыйпалуучу маска жасалат. Масканын курамында бар альбумин (жумуртка белогу) менен мальтодекстрин (жүгөрү крахмалы) сыртка субстанцияларды соруп чыгаруу жана тешикчелерди тарытуу каиеттерине ээ, ошол эле учурда, дагы бир курамы каолин ашыкча майды сиӊирип алат. Аллантоин, бадыраӊ чөп жана ромашка теринин жаӊырышына жардам берет.
КУРАМЫ: Альбумин, мальтодекстрин, каолин, аллантоин, ромашканын экстракты, диазолидинил мочевинасы, ароматизатор, кызыл лакглинозем.
СЫЙЫМДУУЛУГУ: 29 г.
КОЛДОНУУ ЫКМАСЫ: Маска Алоэ Активаторунун жардамы менен 1:1 катышында даярдалат, кургак тери үчүн Активаторду бир аз көбүрөөк кошуу керек. Кыл калемдин жардамында аралашманы суюк консистенцияга чейин аралаштырыӊыз, андан кийин тегиз, жука катмар кылып моюндан баштап, жогору карай бетке сыйпаӊыз, кулактын аркасына да сыйпап өтүӊүз. Эгерде сиздин калкан безиӊизде көйгөйлөр бар болсо, моюн аймагына масканы сыйпабай эле коюӊуз. Башыӊызды артка чалкалатып, 30 мүнөт денеӊизди бошоӊдотуӊуз, сезгич терилер үчүн 15-20 мүнөт жетиштүү. Андан кийин алдын ала жылуу, ным майлык менен жумшартып туруп, анан жууп салыӊыз.
Бетте кызаруу пайда болушу мүмкүн, адатта 20-30 мүнөттүн ичинде өтүп кетет. Масканын таасиринин астында теринин ткандарына кандын агып келиши күчөйт, кандын микроциркуляциясы жакшырат, демек, лейкоциттер – инфекцияга каршы күрөшкүчтөр көбүрөөк пайда болот. Теринин ткандары ийкемдүү, булчуӊдар чымыр, ал эми бет жаӊы жана жаш болуп калат.

Бул продукт эч кандай ооруну аныктоого, дарылоого, айыктырууга же алдын алууга арналган эмес. Эгерде сизде сезимталдыкка байланыштуу суроолор болсо, колдонуудан мурун теринин кичинекей жерине тест жасоо сунушталат. Кош бойлууларда колдонуудан мурун дарыгер менен кеңешүү сунушталат. Продукт сырткы колдонуу үчүн гана арналган.


Бул продукт менен бөлүшүү: