Баланстоочу тониги
- Продукт Коду: 560
Фореверден Баланстоочу тонигинин аркасы менен теринин табигый жол менен нурданарын көрүӊүз. Бул тоник териӊизди өӊүнө чыгаруу, кирдин калдыктарын кетирүү, тешикчелердин көрүнүшүн кичирейтүү жана нымдаштыруучу каражатты сыйпоого терини даярдоо үчүн иштелип чыккан. Алоэнин, каррагенандын, ак чайдын жана бадыраӊдын уникалдуу аралашмасынын аркасы менен Баланстоочу тоник териге жаш, жаӊырган көрүнүш берет да, анын тонуна жана текстурасына назиктикти тартуулайт. Форевер сунуштаган сүйүктүү Тазалагыч каражатыӊыздан кийин колдонуӊуз. Териге кам көрүү ритуалында Баланстагыч тонигин колдонуу теринин акыбалын жана сырткы көрүнүшүн бир топ жакшыртат, ошондой эле андан кийинки колдонула турган кам көрүү каражатынын сиӊишин жакшыртууга жардам берет.
КУРАМЫ: Алоэ Барбаденсистин жалбырагынын маӊызы (Турукташтырылган Алоэ Вера гели), суу, пропандиол, сорбитол, 1,2-гександиол, каррагенандын экстракты, натрийдин гиалуронаты, глицерин, бадыраӊдын экстракты, көк чайдын жалбырактарынын экстракты, бета глюкан, натрийдин лактаты, фитин кислотасы, аллантоин, калийдин сорбаты.
Каптаманын сыйымдуулугу – 130 мл.
КОЛДОНУУ БОЮНЧА СУНУШТАР: Кебез тегерекчесин же шаригин тоник менен жакшылап нымдап, тазалаган бетке жана моюнга сүртүү керек. Тешикчелердин көрүнүшүн минимумга жеткирүү үчүн жана терини нымдаштыруу үчүн бир күндө эки жолу колдонуу зарыл.
Бул продукт эч кандай ооруну аныктоого, дарылоого, айыктырууга же алдын алууга арналган эмес. Эгерде сизде сезимталдыкка байланыштуу суроолор болсо, колдонуудан мурун теринин кичинекей жерине тест жасоо сунушталат. Кош бойлууларда колдонуудан мурун дарыгер менен кеңешүү сунушталат. Продукт сырткы колдонуу үчүн гана арналган.