
Соня Жашартгыч гель маскасы
- Продукт Коду: 607
Уктап жатканда сулуулукту калыбына келтирүүчү жаӊы технология.
Жашартуучу гель маскасы тери майынын бөлүнүп чыгышын көзөмөлдөп жана бетти ичтен нурдантуу менен уктап жаткан учура териде жүрүүчү табигый процесстерди жөнгө салууга жардам берет.
Уйку учурун максималдуу эффективдүү пайдаланууга жардам берүү үчүн биз бул гелди эӊ сонун табигый майлардан жасадык: сабиздин, райхандын уруктары, шыбак менен соя буурчактарынын гүлдөрү. Бул салкындатуучу гель териге тез сиӊет, териӊизге жаштыктын назик нурдануусу менен жылмакайлыкты берген, каныккан, турукташтырылган Алоэ Вера гели менен алманын экстракты, беденин гүлдөрүнүн экстракты сыяктуу табигый нымдаштыргыч компоненттердин жагымдуу нымдаштыруучу эффектин тартуулайт. Ар кандай муктаждыктар үчүн дээрлик 3000 жылдан бери колдонулуп келген Корей бамбугунун экстракты менен кызыл мыянын тамыры териге антиоксиданттык колдоо көрсөтөт. Бул жогорку сапаттуу аралашма териӊизди уйку учурунда нымдаштырат да, Өзүнөн кийин эч кандай майдын изин калтырбайт.
КУРАМЫ: Алоэ Барбаденсистин жалбырагынын маӊызы (Турукташтырылган Алоэ Вера гели), суу, глицерин, алманын экстракты, каприлил метикону, аммонийдин акрилоилдиметилтаурат/ВП сополимери, сорбитан олеат дециглюкозид кроссполимери, диметикон кроссполимери, жылаӊач мыянын тамырынын экстракты, изопентилдиол, талаа бедесинин гүлүнүн экстракты, этилгексилглицерин, гексилен гликолу, пропандиол, квельтпарт сазасынын экстракты, полиакрилат кроссполимери-6, динатрий EDTA, соя майы, сабиз уругунун майы, райхан майы, шыбактын гүлдөрүнүн майы, феноксиэтанол, каприлил гликолу.
Каптаманын сыйымдуугу – 59 мл.
КОЛДОНУУ БОЮНЧА СУНУШТАР: Уктаардын алдында бетке көп кылып сыйпаӊыз. Эрте менен кылдаттык менен жуунуӊуз.
FOREVER КАРАЖАТТАРЫ ЭЧ КАНДАЙ ООРУНУ АНЫКТООГО, ДАРЫЛООГО, АЙЫКТЫРУУГА ЖЕ АЛДЫН АЛУУГА АРНАЛГАН ЭМЕС. ЭГЕРДЕ СИЗДЕ СЕЗИМТАЛДЫККА БАЙЛАНЫШТУУ СУРООЛОР БОЛСО, КОЛДОНУУДАН МУРУН ТЕРИНИН КИЧИНЕКЕЙ ЖЕРИНЕ ТЕСТ ЖАСОО СУНУШТАЛАТ. СЫРТКЫ КОЛДОНУУ ҮЧҮН ГАНА.