You are using an outdated browser. For a faster, safer browsing experience, upgrade for free today.
КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ ФОРЕВЕР ЖЕКЕ ИШКЕРИ (ФЖИ) Кудабаева Ульман
  • Себетиңиз бош!

Жумшартгыч скрабы

  • Продукт Коду: 559

1 722 сом


Фореверден Жумшарткыч скрабынын жардамы менен териӊизге жумшактыкты, жылмалыкты жана саламаттагы көрүнүштү тартуулаӊыз. Теринин чордонгон катмарынын клеткаларын кетирүү үчүн бул жумшак скрабда жасалма микробөлүкчөлөрдүн ордуна териге жана айлана-чөйрөгө зыян келтирбестен эффективдүү тазалоону камсыз кылган жожоба жаӊгагынын майдаланган микробөлүкчөлөрү жана бамбук упасы пайдаланылган. Ал эми лимондун эфир майы сырткы чордонгон катмарды кетиргенден кийин пайда болгон жаш теринин эффективдүү нымдашуусуна жардам берет. Витаминдерге бай Жумшарткыч скрабы менен сапаттуу тазалагандан кийин теринин тону жана текстурасы тегизделет да, сизге жылмакай, нурданган терини тартуулайт, жүзүӊүз өӊүнө чыгат. КУРАМЫ: Алоэ Барбаденсистин жалбырагынын маӊызы (Турукташтырылган Алоэ Вера гели)*, суу, жожобанын гидрогенизацияланган майы, пропандиол, глицерил стеараты, бамбуктун сабагынын экстракты, натрийдин кокоил изетионаты, цетил спирти, кокамидопропил гидроксисульфаты, стеарил спирти, децил глюкозиди, стеарил фосфаты, кремний кислотасы, гидроксиацетофенон, каприлгидроксам кислотасы, каприлил гликолу, этилгексилглицерин, папаин, бромелайн, мальтодекстрин, жүзүм ширесинин экстракты, лимон кабыгынын майы, полиакрилат кроссполимер-6, натрийдин лактаты, фитин кислотасы, ксантан чайыры, динатрий EDTA, хлорфенесин.
Каптаманын сыйымдуулугу – 6 мл.
КОЛДОНУУ БОЮНЧА СУНУШТАР: Суу менен нымдалган манжаларга азыраак өлчөмдө алып, айлана түрүндөгү кыймылдар менен көздүн астындагы аймакка тийбей, скрабды бетке аярлап сыйпоо керек. Кылдаттык менен жууп кетирүү керек. Беттин терисинин өӊүн чыгарып туруу үчүн жумасына 2-3 жолу колдонуӊуз.
• Сырттан колдонуу үчүн гана. Эгерде көзгө кирип кетсе суу менен жууш керек.

Бул продукт эч кандай ооруну аныктоого, дарылоого, айыктырууга же алдын алууга арналган эмес. Эгерде сизде сезимталдыкка байланыштуу суроолор болсо, колдонуудан мурун теринин кичинекей жерине тест жасоо сунушталат. Кош бойлууларда колдонуудан мурун дарыгер менен кеңешүү сунушталат. Продукт сырткы колдонуу үчүн гана арналган.


Бул продукт менен бөлүшүү: