Алоэ- Жожоба Кондиционери
- Продукт Коду: 641
Нымдаштыруучу эффект берет, жумшартат жана жылтыратат. Күнүмдүк чачка
кам көрүүдөн максималдуу натыйжа алуу керек болгондо жакшы кондиционер чечүүчү мааниге ээ болушу мүмкүн. Ал чачты жумшартып, жылмакай жана ийкемдүү
кылышы керек. Форевердин чачка арналган АЛОЭ ЖОЖОБА КОНДИЦИОНЕРИНИН
жардамы менен мунун баарына жетүүгө болот, ошол эле учурда ал чачыңызды
жана баш териңизди терең азыктандырат, чачтын жана баштын терисинин нымдашуу деңгээлин сульфаттык кошулмасыз жогорулатат. Биздин жеңил формула
күнүмдүк колдонууга абдан ылайыктуу, анын курамына чачтарды салмактандырбастан нымдуулугун сактаган үч түрдүү май кирет. Жожоба майы чачты бекемдеп,
калың болушуна көмөктөшүүчү табигый майларга бай.
"Марокконун суюк алтыны" деп аталган арган майы чачты Е витамининин
антиоксидант күчү менен каныктырат. Ошондой эле кондиционерге чачтын жумшактыгын жана нымдуулугун сактоо үчүн ит мурундун майын кошуп, С, Е жана В витаминдери менен байыттык. Чачка арналган Алоэ жожоба
кондиционеринин негизин биздин өзүбүздүн талааларыбыздан чогултулган турукташтырылган алоэ вера гели түзөт. Алоэ
веранын ички маңызы 75 активдүү компонетти камтыйт, алар
бул кондиционерге баштын терисин жумшартууга жана чачыңызга табигый жылтырактык берүүгө жардам көрсөтөт. Форевер Алоэ Жожоба Кондиционери чачты жылмакай кылат да,
чач жасамын жеңилдетип, Алоэ Жожоба Шампуну менен эң
сонун айкалышат.
Бул тынчтандыруучу кондиционер биздин Алоэ Жожоба
шампунубуздай эле сергек кылуучу курамдардын: тропикалык
жемиштердин, таттуу кам каймактын жана коондун жытына
ээ. Биздин формула адамдардын жынысына да, жаш-курагына
да нейтралдуу болгондуктан ал бүт үй-бүлө үчүн идеалдуу туура келет. Forever сунуштаган Алоэ Жожоба кондиционеринин
жардамы менен чачыңызга табият тартууларынын эң жакшысын бериңиз.
СЫЙЫМДУУЛУГУ: 296 мл
КОЛДОНУУ ЫКМАСЫ: Алоэ-жожоба шампунун колдонгондон кийин чачка Алоэ-жожоба кондиционерин сүйкөп, 2-3
мүнөткө калтырыңыз. Андан кийин жакшылап жууп, кургатыңыз.
КУРАМЫ: Алоэ Барбаденсистин жалбырагынын ширеси (турукташтырылган
алоэ вера гели), суу, цетил спирти, бехентримоний хлориди, цетиарил спирти,
изоамиллаурат, 1,2-гександиол, арган майы, ит мурун майы, жожоба данектеринин
майы, каприлил гликол, этилгексилглицерин, гексиленгликоль, жожобанын гидролизденген эфирлери, феноксиэтанол, ароматизатор.
Бул продукт эч кандай ооруну аныктоого, дарылоого, айыктырууга же алдын алууга арналган эмес. Эгерде сизде сезимталдыкка байланыштуу суроолор болсо, колдонуудан мурун теринин кичинекей жерине тест жасоо сунушталат. Кош бойлууларда колдонуудан мурун дарыгер менен кеңешүү сунушталат. Продукт сырткы колдонуу үчүн гана арналган.