You are using an outdated browser. For a faster, safer browsing experience, upgrade for free today.
КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ ФОРЕВЕР ЖЕКЕ ИШКЕРИ (ФЖИ) Кудабаева Ульман
  • Себетиңиз бош!

Алоэ Суюк Самыны

  • Продукт Коду: 633

1 828 сом


Бүт үй-бүлө үчүн күчтүү, жумшак жана универсалдуу тазалоочу каражат. ФОРЕВЕР сунуштаган СУЮК САМЫНЫНЫН жардамы менен териңизди тынчтандырып,
нымдуулугун сактаңыз. Биздин кремдей болгон седеп түстүү формулабыз тазалайт
жана азыктандырат да, териңизди жаңылайт, жандандырат. Ашканада турабы, же
чайынмада коюлганбы, биздин алоэ кошулган суюк самыныбыз өзүндө алоэнин күчүн башка сапаттуу курамдар менен айкалыштырат да, бүт үй-бүлөнү денени толук,
универсалдуу тазалоо менен камсыз кылат. Өзүбүздүн талаалардан чогултулган
таза алоэ верадагы жаратылыш тартуулаган эң мыкты касиеттерди бириктирип,
Forever терини жумшарткан жана тазарткан суюк самынды жаратты.
Алоэ тынчтандырат жана жумшартат, ал эми арган майынын курамында теринин абалын жакшыртуучу жана саламаттыгын чыңдоочу Е витамини менен табигый май кислоталары бар. Бул адаттан тыш курам Марокконун суюк алтыны катары
белгилүү.
Буга кошумча нымдуулукту сактоочу жожобанын эфирлери жана бадыраңдын
уруктарынын экстракты менен Алоэ суюк самынынын терини жакшыртуучу касиеттерин күчөттүк. Тынчтандыруучу касиеттер алоэ вера менен эң сонун айкалышып,
терини назик тазалап, жылмакай жана жумшак кылат. Бирок
анын артыкчылыктары муну менен эле бүтпөйт. Териңизди
сергек кылуу жана жандантуу үчүн тоодо өскөн сары гүлдөн
алынган арника жемишинин экстрактын коштук.
Цитрус өсүмдүктөрүнүн жогорку ноталары корица,
кедр жалбырагы, роза сыяктуу жыгач жана гүл ароматтары
менен аралашып, сергектик сезимин күчөтүүчү жыпар жытты жаратат. Табигый майлардын, экстракттардын жана таза
алоэ веранын айкалышуусунун аркасы менен биздин Суюк
самыныбызда тазалыкты, нымдуулукту жана жаңыланууну
тартуулай турган териңизге керектүү нерселердин баары
бар.
СЫЙЫМДУУЛУГУ: 473 мл
КОЛДОНУУ ЫКМАСЫ: Нымдуу териге самындан бир аз
сүйкөп, көбүк пайда болгонго чейин укалап, суу менен чайкаңыз.
КУРАМЫ: Алоэ Барбаденсистин (турукташтырылган*
алоэ вера гели) жалбырагынын ички бөлүгүнүн ширеси,
суу, натрий олефин сульфонаты C14-16, кокамидопропил гидроксисултайн, пропандиол, кокамидопропилбетаин, метил 2 - натрий сульфолаурат, динатрий 2-сульфолаурат, динатрийдин кокоилглутаматы, глицерин, гликоль дистеарат, лаурет-4, гидроксиацетофенон, метилглюкозанын диолеат Peg 120,
каприлил гликол, гидролизденген жожоба эфирлери, арган майы, бадыраңдын
экстракты, тоо арникасынын экстракты, динатрий EDTA, лимон кислотасы, натрий
хлориди, хлорфенезин, феноксиэтанол, сорбин кислотасы, калийдин сорбаты, ароматизатор.

Бул продукт эч кандай ооруну аныктоого, дарылоого, айыктырууга же алдын алууга арналган эмес. Эгерде сизде сезимталдыкка байланыштуу суроолор болсо, колдонуудан мурун теринин кичинекей жерине тест жасоо сунушталат. Кош бойлууларда колдонуудан мурун дарыгер менен кеңешүү сунушталат. Продукт сырткы колдонуу үчүн гана арналган.


Бул продукт менен бөлүшүү: